
Качан жаңы бут кийим сатып алганда, алардын ичинен сөзсүз түрдө ушундай баштыкчалар кездешет. Аларды эмне кылуу керек?
Мисалы, мен аларды дайым ыргытып жиберчүмүн. Бирок, сиз мындай кадамдан сөзсүз баш тарта турган маалымат бар.
Бул баштыктар кургатуучу укмуштуу каражат болгон кремнийдин диоксиди менен толтурулган. Алар дээрлик бардык нымды өзүнө сиңирип алышат. Мага ишенбейсизби? Өзүңүз байкап көрүңүз!
Төмөндө бул баштыктарды колдонуунун айрым мисалдары келтирилген.
1. Сүлгүлөр илинген шкаф. Ашыкча нымдуулукка жол бербөө үчүн аларды сүлгү шкафтарына жайгаштырсаңыз болот.
2. Унаалардын терезелери. Эгерде сиз бул баштыктарды унаанын салонуна салып койсоңуз, анда тердеген терезелерди биротоло унутсаңыз болот. Баштыкчалар үчүн мыкты колдонуу жолу.
3. Телефонуңузду коргоңуз. Эгер кокустан телефонуңузду суу кылып алсаңыз, анда аны ушундай баштыкчалар салынган кутуга салып койсоңуз болот.
4. Эски сүрөттөрүңүздү сактаңыз. Убакыттын өтүшү менен эски сүрөттөр сырткы көрүнүшүн жогото баштайт. Сүрөттөрдүн кутусуна 2-3 баштык салып койсоңуз, анда мындай көйгөйдөн алыс болосуз.
5. Макияж менен сакал алгычтын өмүрүн узартыңыз. Ооба! Алар буга да жөндөмдүү! Баштыктарды косметикалык каражаттардын же устаранын кутусуна салып коюу алардын жарактуулук мөөнөтүн узартат.