
Кээ бир суроолорго эркектер эч качан чын жооп бербейт. Мисалы буларга:

“Жакшысың” деп айтып жатып калп деле айтпайт. Ал болгону ошондой ойлойт. Бирок, чынында сени карабайт деле, караса да көңүл бурбашы мүмкүн. Колу бошобой “танчик” тытып атканда эмнеге сурайсың?

Эркек ойлонуп бүтмөйүн, эмне жөнүндө ойлонуп атканын айта албайт. Эми ал ойлонуп да бүтпөйт, себеби, сурооң менен оюн бузуп салдың.
Эч нерсе жөнүндө ойлонгон жокмун деп жооп бериши мүмкүн. Бул чындык болот, анткени оюн сен өзүң буздуң да.

Ал өзү байкабай эле калп айтып таштайт – бул жөн гана рефлекс. Бул деген сыйкырдуу суроо да: көз ирмемде аны өспүрүмгө айлантасың, өзүң – анын апасына. Калп автоматтык түрдө айтылып кеткенин өзү деле байкабаганы таң калыштуу эмес.

“Жакшы” – бул эң жайылган жооп. Калп болсо дагы жакшы. Себеби, чындык – бул “Эр жүрөктүк жана акылсыздык” деген темадагы оозеки дилбаян.

Жок, жолтоо болгон жоксуң! Отур, өзүңө пиводон куй, тиякта балык бар. Ташмат жаңы эле “Нарындагы куракчылар союзу” жөнүндө айтып баштады. Чынбы, Ташмат?

Стандарттык жооп: “Жок алтыным, татынакай элесиң!” – бул калп эмес, чындык. Сени көйнөк эмес, тамак толук кылып атат. Эми бул деталдар дечи.

“Сен кичине келесоо эмессиңби?” дегендей угулат. Жини келгенинен, “Байкап эле турам” деп кыйкырат, мурдун чукуп аткан колун көрбөй турса дагы.

Сен биринчи өзүң жооп берчи мындай суроого: “Сенин канча жигитиң болгон?”. Мына-мына...

Кайрадан эле – калп деле эмес, чын эле эсинде, бүгүн ишемби. Калганын жоюп салуу методу менен табат: Сегизинчи март эмес, туулган күнүң эмес, Жаңы Жыл эмес? Демек биз таанышкан күн!

Албетте!

Жок ай, кантип? Же бир сулуу болбосо, ооздору мурчуйган, мурду барбыйган, ал карыган неме да! Деги бул Моника Беллуччи кимге жагышы мүмкүн? Жинди болбочу!

Жашыл экен, омей, "Супер! Жакшы сумка экен. Алыш керек!"

Азыр сага айтат, “мындай сөздү айтчу кызды жолуктура элекмин” деп. Башкача айтканда, ал мындай сөздөрдү айта алат, бирок бул сөздү айтканга шык берген биринчи адам – сенсиң. Таза калп!

Ананчы!

Кайра алдайт, бирок жоопко сүйүнүш керек. Бул суроо, дүйнөдөгү эң жиндидей суроо. Жамбашыңды, мурдуңду же тамак жегениңди сүйөм демек беле.