
Ар бир аялдын жашоосунда, эртеби-кечпи, өзүнүн кызыктуу абалы тууралуу тезирээк билгиси келген убакыт болот. Бирок, бойго бүткөндүн биринчи күндөрү так жооп алыш оор, себеби мөөнөтү аз...
Ошондо, организм өзү көрсөткөн негизги белгилер бойго бүткөндүгү тууралуу айтып берет.
Бойго бүткөндүн биринчи белгилери

1. Эмбрион жатындан орун алып, ага жабышкан убактагы биринчи күндөрүндө, аялын эмчеги ооруп, шишигендей сезилет. Бул сүт бездеринин гиперсезимтал болгонунун белгиси. Көбүнчө, кичине тийип койгондо эле жагымсыз сезимдерди пайда кылат.

2. Чычаң менен аланын тегерегиндеги дискомфорт менен оорлошуу, эмбрион жатындан орун алганда башталат. Бул белги ар бир аялда өзгөчө жана ар биринде ар башкача өтөт.

3. Бойго бүткөндүн биринчи күнүнөн тарта эле көпчүлүк сулуулар өздөрүн начар сезишип, кээде жүрөгү айланат. Боюнда бар аялдын тамакка болгон табити бат-бат алмашып турат: бойго бүткөнгө чейинки жактырган тамагы, эми даамсыз сезилип калат.

4. Овуляция кезинде, аялдар тунук жана чоюлчаак бөлүнүп чыгуулардын көбөйүшүн байкашат. Бул сперматозоиддердин жакшы кыймылдашына өбөлгө түзүп, аларды 3-5 күн ичинде коргоого алган организмдин өзгөчөлүгү. Овуляция бүткөндөн кийин, аларды ак, коюу бөлүнүп чыгуулар алмаштырат да, циклдин экинчи фазасынын аягына чейин кармалат.
Бойго бүткөндүн 7-10-суткаларында көбүндө кичине күрөн, кызыл же сары түстөгү бөлүнүп чыгуулар байкалат. Бул, эмбрион жатындын дубалдарына жабышканынан кабар берет. Имплантация процесси 40 сааттай созулат, андан кийин эмбриондун өнүгүшү башталып, 8 жумага чейин созулат.

5. Эмбрион имплантация болуп жаткан убагында, аялдын организми шок абалында болот, ошондуктан дене табы 37 градуска чейин көтөрүлөт – бул нормалдык көрүнүш.

6. Көп убакта, бойго бүткөндүн биринчи күндөрүндө, аял өзү жаман жана чарчаңкы сезет. Анын себеби, дене табынын көтөрүшү жана иммунитеттин түшүп кетиши. Анткени, бул убакта аялдын организми эмбрионго, денеге жат нерсеге реакция кылып, аны менен алышканга аракет кылат.

7. Бойго бүткөндү жөнөкөй, үй шартындагы тест менен билсе болот. Ага керектүү нерселер: йод, актай кагаз жана жаңы чыккан заара. Кагазды заарага нымдап, анан ага бир нече тамчы йод тамызыш керек.
Эгер йод өңүн өзгөртпөй, күрөң бойдон калса, бойго бүткөн жок. Боюнда бар аялдардын заарасы йод менен реакция болуп өңүн көгүлтүр (сиреневый) же кызгылт-көк (фиолетовый) түскө өзгөртөт.