
Аялдын гигиенасы – майда-чүйдөсү жана нюанстары толтура маанилүү суроо. Кээ бир айымдар интимдик жагын кароодо одоно ката кетирип жаткандарын биле бербейт.
Эмне кылганга болбойт экенин төмөндө окусаңыз болот: Көбү интимдик гигиена боюнча баарын билем деп ойлойт, бирок чындыгында андай эмес.
Ар бир айым сактоочу белгилүү бир майда-чүйдөлөрү бар.
Топ-6. Интимдик гигиенада аялдар кетирген каталар:
Интимдик зонага чайканма гель же атыр самын колдонгондо табигый микрофлора бузулуп, ар кандай жагымсыз жыт, кычышуу же ашыкча бөлүп чыгаруу башталат.
Интимдик гигиена үчүн атайын каражатты тандоодо кайсыл жаш куракка арналганына көңүл буруу керек. 12 жашка чейинкилерге, 45 жашка чейинки айымдарга жана андан улууларга арналган түрлөрү бар. Бирок дарыгерлер аны күндө колдонбой, кээде жылуу суу менен гана жууп коюу жетиштүү деп кеңеш беришет.
Дене жууш үчүн мочалка жана губка зарыл экени талашсыз, бирок интимдик зонага колдонгонго болбойт. Назик былжырлуу оболочканы сүрүп, тери сезгениши мүмкүн.
Жыныс мүчөсүнүн ичин жууган болбойт, коргоп турган катмарын жууп салып инфекцияларга жол ачат. Суунун агымын кайра агып кетиши үчүн өйдөдөн ылдый чачыш керек.
Кээ бир айымдар интимдик зонаны чыңдайбыз деп муздак суу менен жуушат. Бул заара-жыныс системасынын сезгенишине алып келет. Гинекологдор жылуу суу менен гана жуунганга боло турганын эскертишет.
Ич кийим канчалык ыңгайлуу болбосун, жатаарда чечип салганды сунушташат. Жылаңач жата албасаңар пахта пижамасын жылаңач денеге кийип жатыңыз.
Жагымсыз жыт жыныстык мүчөдө кандайдыр бир оорунун белгиси болушу мүмкүн. Эгерде пайда болсо аны ар кандай дезодаранттар менен кетиргенге аракет кылбай, дарыгерге кайрылып, керектүү анализдерди тапшыруу шарт.