Арыктоонун сиз көңүлгө албаган 6 жолу

04 июл, 2022

Спортзалга барууга, диетага отурууга моюнуңуз жар бербей жатабы.

Билинбестен арыктоонун алты жолуна көңүлүңүздү бурууну сунуштайбыз.

1. Спирт ичимдиктерин ичүүдөн баш тартыңыз

Ичимдиктен баш тартыңыз. 1 литр таза спиртте (96%) 7000 ккал бар. Демек, суусундуктун ар бир граммы - 7 ккал. Зыяны жок деген жүз грамм кургак винодо 8-10 градус спирт бар - бул 56-70 ккал. Бир бокалда 250 грамм вино бар болсо - 140-170 ккал. Ошентип суммасында, эгер ичпесеңиз, бир күндө минус 500 ккал.

 
2. Жөө басыңыз

Жөө басуу - өтө эффективдүү. Калория короткондугу боюнча степ-аэробика менен машыкканга барабар. Дагы жакшы жери, жамбашыңыздын фигурасын жакшыртат.

3. Таттуу жегиңиз келеби? - Эт жеңиз

Эгер сиз булочка же шоколад көрүп жегиңиз келип баштаса - бул организмге керек дегендик эмес. Жон гана адамдын мээси, организмдеги эң эгоист орган болуп эсептелет жана баарынан глюкозаны жакшы көрөт. Ошондуктан сизд жардамчылар катары - майсыз быштак, тоок эти жана балыкты тандаңыз.

 
4. Көп кыймылдаңыз

Жумушта жок дегенде саатына бир жолу 5-10 мүнөт компьютерден туруңуз. Отурган организм саатына 0,9 ккал сарптайт, ал эми туруп турганда эки эсе көп. Эгер басып турсаңыз, анда үч эсеге көбөйөт. Эгер саат сайын 5-10 мүнөт компьютерден турсаңыз, анда күнүнө 240 -250 ккал сарптайсыз.

5. "Бир кашык" эрежеси

"Бир кашык" эрежеси аябай пайдалуу. Тамак жеп жатканда болгону бир кашык тамакты жебей калтырып коюңуз. Аз көрүнгөнү менен, эгер ойлонсок, 3 тамактан турган түшкү тамак, плюс эртең мененки жана кечки тамактар, суммасында отрочо алганда күндүзгү рациондон минус 100-150 кал.

 
6. Тамак жегиңиз келгенде - суу ичиңиз

Көп убакта чаңкасаң ачка болгондой сезилет, ал эле эмес башты оорутат. Бир күндө бир жарым литр суу ичиш керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошентип, сиз, калориядан да, баш оорудан да кутуласыз.

Биз жаңы каналга көчтүк. Кнопканы басып, биздин каналга жазылыңыз! Биздин макалалардан артта калбаңыз!

 
320
473
45
359
49
77
245
1,005
113
212
579
184