Ымыркай энесинин iPhoneун 47 жылга блоктоп салды

Доcуңуз же курбуңуз телефонуңузду бир нече мүнөткө блоктоп салган күндөр болду беле, же, катуу көшөрүп паролуңузду сындырам деп атып, ашып кетсе бир саатка блоктосо керек...

 

 

Шанхайлык бул ымыркай өзүнүн энесинин телефонун 25 миллион мүнөткө же, башкача айтканда, 47 жылга блоктоп салыптыр.

Анын энеси мультфильм көрүп отурсун деп карматып когондо, телефону блокко түшүп калганбы, айтор, бала бир нече мүнөттүн ичинде паролун жүздөн ашык жолу терип салыптыр.

 

Телефон оңдоочунун сөзүндө, анын карьерасындагы эң узак блок 80 жылга болгон экен.

Apple компаниясынын сайтында, эгер телефонуңуз блокко түшүп калса, анда, айла жоктон ичиндеги маалыматтын баарын тазалоого туура келет деп айтылат. Бул iTunesтин же кайра калыбына келтирүү режиминин жардамы менен ишке ашат.

Балаңызга телефон карматуунун алдында, блоктон чыгарып коюуну унутпаңыз!

Facebook барагыбызга жазылыңыз