Тиш оорудан кантип кутулабыз

Тиш оору – чыдагыс оорулардын бири деп чын эле айтышат. Эгер колуң, же бутуң ооруп атса, иштей берсең болот. Баш же ашказан ооруп атса, таблеткадан согуп коюп жүрө беребиз. Бирок... Тиш оорусуна эң кыйынмын деген адам да чыдабайт. Стоматологго чуркаш керекпи? Негизи, эң туура жолу ошол. Бирок алардын графиги өтө тыкыс жана кийинки күнгө гана жазыла аласың. Ал эми тиш азыр ооруп атат...

Анда, кыймылдап баштагыла! Жанды кашайткан тиш ооруга каршы бир нече ыкма бар. Нерви ачылып калганбы же тамырына жетип кеткенби – бардык керектүү ингредиенттерди алып, аралаштырып компресс жасаңыз. Башкысы, оорудан арылууну дарылоо менен алмаштырбаңыз. Алардын эффекти узакка созулбайт. Ал эми көйгөйдү тамырынан чечиш үчүн стоматологго кайрылыш керек.

 

Эмнеге тиш ооруйт

Оору – тиште же аны курчаган ткандарда кандайдыр бир негативдүү процесстер болуп жатканынын белгиси. Анын негизги төрт себебин айтышат. Өзүңүздүкүн таптыңызбы?

1. Кариес. Анын баштапкы стадияларында дарылоо жеңил. Бирок, биз аягына чейин жүрүп алмай адатыбыз бар эмеспи.

2. Пародонтит же былжыр чилдин оорусу. Бул көйгөй тиштин бошошуна алып келет.

 

3. Пульпит. Бул тиштин нервинин сезгениши. Оору ушунчалык катуу болгондуктан, кулак менен моюнга чейин берет.

4. Периодонтит же сөөктүн ткандарынын оорушу. Анда киста байда болушу мүмкун, ал ооруган тишке дайым инфекция кирип турат.

 

Элдик каражаттар, заманбап ооруну басуучу дары-дармектер чыкканга чейин эле, илгертен колдонулуп келген. Билсеңиз, эгер ата-бабалардын колунан келген болсо, эмнеге биздикинен келбеш керек. Болгону кеңештерге кулак салып жана толук кандуу дарылоону кийинкиге калтырбайлы.

 
Сарымсак, пияз жана туз – үч баатыр

Эң эски жана эл тарабынан текшерилген элдик каражат болуп оозду чайкоо саналат. Көбүнчө, бул максатта ромашканын кайнатмасы колдонулат. Аны даярдоо үчүн, 2 чай кашык чөпкө бир стакан кайнак суу куюш керек. Ширеленгенге чейин 20 мүнөт кармап, чыпкалап алган соң колдоно бериңиз.

Сарымсак, пияз жана туз дагы ооруну бат басат. Майдаланган сарымсак жана пиязды бирдей пропорцияда аралаштырыңыз. Бир аз туз кошуп, жакшы аралаштырган соң, каражат даяр. Алынган массаны кебез тампонго сүйкөп алып, ооруган тишке же бүйлөгө басыңыз. Бардык эле ооруну басуучу таблеткалар ошондой эле эффект берет, бирок ага жетиш үчүн, бул каражатка караганда 2 эсе көп убакыт сарпталат.

Тиштин оорусун 1 секундда кантип басса болот

Көпчүлүк дарыканадан алынган оору басуучу дарыларды колдонушат. Алар эффективдүү, бирок 20-30 мүнөттөн кийин гана иштеп баштайт. Бул убакка чейин эмне кылабыз: чыдап отурабызбы? Болбойт андай. Мыкты каражат бар.

Айнек идиште 0,5 чай кашык гвоздика порошогун жана ошондо эле санда кокос майын аралаштырыңыз. Тиш щетканы малып алып каражатты ооруган тишиңизге сүйкөңүз. Эгер стоматологго кийинки күнгө жазылган болсоңуз, процедураны суткасына 3 жолу кайталаңыз.

Эмне так ушул ингредиенттер? Кокос майы өзүнүн антимикробдук касиети менен таанымал, ал эми гвоздика порошогу эвгенолго – ооруну азайтуучу химиялык курамга бай.

Балким, азыркы тапта бул көйгөй сиз үчүн коркунуч жараткан жок. Бирок оору чыдатпай калганда, бул рецептерди жазып албаганыңызга өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Азыр баракчаны сактап алыңыз.

Досторуңузга айтканды да унутпаңыз!

Facebook барагыбызга жазылыңыз