Телефону жарылып, 12 жашар бала манжасы менен көзүнөн айрылды

Кептин баары – кубаттагычында

 

 

Телефону жарылганынын айынан Кытайда 12 жашар бала реанимацияга түшүп, 5 саатык операция болду, жыйынтыгында, бир көзүнөн айрылды, деп жазат Daily Mail. 

Кубатталып жаткан телефонго Мэн Дзису колун сунганда, күтүүсүз жарылуу болгон.

Жарылуу ушунчалук күчтүү болгондуктан, баланын телефонду кармаган сөөмөйүн жулуп кеткен.

 
Колунда телефонду көптөгөн майда сыныктары табылды.
Бала ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин сөзүндө, алган жаракаттарынын айынан оң көзү такыр көрбөй калган.
 
Жарат алган көзүнөн да көптөгөн сыныктар алынган.
Айтмакчы, кеп болуп жаткан мобилдик телефон Кытайда жасалган. Чыгарган фирмасы – Hua Tang.
 
Энесинин айткандарына карасак, телефонго эки жыл болгон. Өзүнө жаңы смартфон алган соң, эскисин баласына берген.
Дарыгерлер, колунун иштеши 98% калыбына келээрин, бирок оң көзүнөн такыр айрылганын айтышты.

Телефон менен смартфонду колдонууда кылдаттык мамиле кылышыңарды суранат элек. Ал бомбага айланбасын десеңиз, заряддалып жаткан убакта кароосуз калтырбаңыз, жана көрүнгөн жерге таштабаңыз, ошондой эле оригиналдык эмес, сапаты начар тетиктерден жана  кубаттагычтардан баш тартыңыз.

Өндүрүүчү сунуштаган кеңештерди сактаңыз. Жол болуучулукка көп ишене бербеңиз!

Facebook барагыбызга жазылыңыз