Сизди смартфонуңуз аркылуу ким аңдып жатканын кантип билебиз

Биз кандай гана жумушту аткарбайлы, башкы артыкчылык коопсуздукка берилет. Коопсуздук деп жагымсыз жана зыяндуу нерселерден сактанууну айтабыз. Бардыгына коопсуздук керек. Смартфондорго дагы.

Смартфонду ойногонго, чалганга, чаттарда сүйлөшкөнгө ж.б. колдонобуз, бирок коопсуздук чараларын көрөбүзбү? Ашыкпаңыз! Биз жардам беребиз! Төмөндөгү коддор сиздин маалыматтар коопсуздуктабы, жана кимдир бирөө смартфон аркылуу сизди аңдып атабы, билгенге жардам берет.

 

*#21#

Бул сандар менен символдор комбинациясы, сизде чакырууну башка дарекке буруу (переадресация) кызматы кошулганбы, көрсөңүз болот. Бул кодду терсеңиз, маалыматтар кайсы номерге трансфер болуп атканын көрөсүз. Эстеп көрүңүз, жакынкы убакта эч ким сиздин телефонду кармаган жок беле, же бейтааныш адамдарга чалып алууга берген жок белеңиз? Эгер андай болгон болсо, анда чоочун адамга маалыматтарыңыз кетип жатуу мүмкүнчүлүгү бар. Коркунучта сиздин мобилдик капчыгыңыз да болуп калышы ыктымал.

 

*#62#

Бул код, сиз мобилдик тейлөөдөн сырткары болгон же телефонуңуз өчүп турган учурда түшкөн чалуулар менен СМСтер кайсы номерге кетип жатканын көрсөтөт. Эч болбогондо, сиздин уюлдук оператордун үн почтасына бурулган болот. Номерлерди салыштырып көрүңүз, эгер оператордун номери эмес деген суроо пайда болсо, же ал номерге ишенбесеңиз, операторуңуздан сурап коюңуз.

##002#

Бул комбинацияны терүү менен чалууларды буруунун бардык түрлөрүн өчүрө аласыз. Код универсалдуу жана бардык смартфондорго туура келет.

 

*#06#

Бул код, IMEI (International Mobile Equipment Identifier) деп аталган, телефондун идентификациялык номерин көрсөтөт.

Эл аралык индентификатор номерин билип алсаңыз, мисалы, жоготуп же уурдатып жиберсеңиз, ушул номер аркылуу издеп тапканга болот: аппарат күйөөрү менен IMEI номерин мобильдик операторго жиберет, ичинде сиздин симкабы же башканыкыбы, мааниси жок.

 

Кылмышкерлер менен шпиондордон кантип коргонобуз:

Чочундардан жабык мессенжерлерди колдонуңуз: Telegram, Chare, Wickr, Signal. Тааныш эмес тиркемелерди смартфонго орнотпоңуз, орнотулган тиркемелерге көз салып туруңуз жана колдон келсе, блоктоо системасын колдонуңуз. Шектүү шилтемелерге өтпөңүз жана шектүү “бекер” точкалардан заряддабаңыз.

Сиздин телефонго сиздин мобилдик оператор гана байкоо жүргүзө алат, ошондо да сиздин макулдугуңуз менен гана. Башка бирөөлөрдүн турган жерин таап берем деген сайттар менен тиркемелерге ишенбеңиз, алар ниети кара адамдарга тиешелүү. Абайлаңыз!

Достор менен бул маалыматты бөлүшүңүз, алар да биле жүрүшсүн!

Facebook барагыбызга жазылыңыз