Бут менен болгон 10 көйгөй жана андан кутулуунун ыкмалары

Кышкы жылуу шымды жазгы көйнөккө алмаштырганча, буттарыңыз идеалдуу болуп калсын десеңиз, бул кеңештерге көңүл буруңуз!

 

 

№ 1-көйгөй: Целлюлит

Жок, калп айтпайбыз: түп-орду менен жок кылып, целлюлиттен арылууга мүмкүн эмес, анын болушу аялдын организми үчүн табигый нерсе. Бирок, анын сырттан көрүнүшүн азайтуу – мүмкүн. Башташ үчүн – көп суу ичиңиз. Канча ичиш керек? Формула менен өзүңүз эсептеп алыңыз: ар бир килограмм салмагыңызга 30 милилитр суу. Сууну көп ичүү организмге, азыктардын бөлүүнүсүнүн калдыктарынан арылтканга жардам берип, теринин жылмакай болушуна шарт түзөт. Ал эми ашыкча суюктуктан арылуу үчүн, рационуңузга курамы калийге бай азыктарды (жашылчылыр, банан, жаңгак жана кактар) колдонуңуз. Бир эле убакта ашыкча салмактан арылып, сандардын ичкеришине жана рельефтин түздөлүшүнө жетишүү менен айымдардын бутунун негизги көйгөйүн чечесиз.

 
№ 2-көйгөй: Тамыр жылдызчалары

Биринчиден, эстеп алыңыз: эгер сиздин буттарда кан тамырлардан турган торчо болсо, бул варикоз бар дегендик эмес.

Демек, варикоз үчүн атайын крем да, мазь да, таблеткалар да сизге кереги жок. Жардам берүүчү ыкма – лазер каогуляциясы: дерматолог дарыгер тамыр жылдызчаларды лазердик импульс менен ар бир точкасын тазалап чыгат, жыйынтыгында, башында ал күңүрт түскө айланат, кийинчерээк кабыкча пайда болуп, өзү сыйрылып түшөт. Ошентип, буттун териси жылмакай болуп, тамыр торчолорунун изи да калбай калат.

№ 3-көйгөй: Варикоз

Томпоюп, сымбатсыз болуп чыгып турган веналар – олуттуу көйгөй, адатта тукум кууйт. Бирок аны чечсе болот! Флебологго кайрылсаңыз, ал венаны УДИде (УЗИ) изилдөөгө жиберет. Склеротерапияга уруксат берген соң, 2-3 жума компрессиондук ич кийим кийгенге даяр болуңуз. Жаракат алган участоктор тазаланган соң, дагы 3 жума дарыгер айткан шартты аткарууга жана компрессиондук ич кийимди кийүүгө туура келет. Анан дагы бир аз убакыт, буттарда венаны тазалоонун жыйынтыгында калган көк тактарды катууга да туура келет. Бирок, мунун баарына, жайында пляжда буттарыңыздан уялып, катпаш үчүн чыдаш керек.

 
№ 4-көйгөй: Чоюлуулар

Эгер бат салмак топтоп жана кайра андан бат арылсаңыз, териңиз деформация болуп, сандарыңызда сызыкчалар пайда болот: бул коллаген буласынын деформация болгон участоктору. Буттун бул көйгөйү менен кантип күрөшөбүз? Чоюлуулардан лазердин жардамы менен арылабыз: 5-6 сеанстан кийин тери калыбына келип, жабыр тарткан булалардын ордуна жаңы булалар өсүп баштайт. Бул процесс ылдам болбойт, бирок эффективдүүлүгү далилденген!

№ 5-көйгөй: Тамандын кургактыгы

Буттар, бут кийим кийгенде тердейт, өзгөчө, эгер сиз 100% пахта байпагын кийбесеңиз, чечкенден кийин кайра кургайт, мыкты жасалган педикюр да ашып кетсе 7-10 күнгө чыдайт – тамандар одуракай жана тууралган болуп калат. Салонго кийинки баргандан кийин, тамандын терисине кам көрүүнү баштаңыз. Антиперспирант, антибактериалык эффекти бар медициналык упа колдонуңуз, түнкүсүн болсо сөзсүз таман үчүн атайын кремди сыйпаңыз. Бул ыкма канчалык эффективдүү экенин көрүп, таң каласыз!

 
№ 6-көйгөй: Буттардын өңүнүн бирдей эмес болушу

Эгер депиляция же эпиляциядан кийин буттарда тактар пайда болсо эмне кылыш керек? Пилинг жана скраб колдонуңуз! Түктөрүн алуудан мурун жана бир суткадан кийин буттарды сөзсүз тазалаңыз, бул теринин жогорку катмарынын жаңыланып турушуна шарт түзөт.  

№ 7-көйгөй: Тырмак

Эгер тымакты түбүнөн алып салмай адатыңыз болсо, аны менен катар тар бут кийим кийсеңиз, тырмак теринин астына сайылып кирип, оруулуу сезимдерди жаратат. Подолг-дарыгер тырмакты териден ажыратыш үчүн, тырмак астына атайын пленка, пластинка же скоба коёт жана сезгенүү болбошу үчүн сизге антибактериалдык суюктуктар кошулган атайын жылуу ваннаны сунуштайт. Эгер ылайыктуу бут кийим кийип жүрсөңүз, тырмагыңыз калыбына кетип, туура форманы кабыл алат.

№ 8-көйгөй: Ичке кайрылып өскөн жүндөр

Эгер жүндөр ичке кайрылып өсүп жатса, демек, териңиздин сырткы катмары өтө тыгыз жана кургак, ичке жана учтуу жүн дагы аны жарып чыга албай атат. Нымдаңыз! Жумшартуучу, нымдоочу жана азыктантуучу кремден бат-баттан сүйкөңүз: аша чапайсыз деле. Эффект бир жумада эле көрүнө баштайт.

№ 9-көйгөй: Тамандагы чор

Пайда болуу себеби – жалпак тамандуулук, ыңгайсыз бут кийим же ашыкча салмак – мунун баары оордук борборду туура кылбай жана таманга болгон күчтү туура эмес бөлүштүрөт. Чорду педикюр процедурасында тазаласа болот, ал эми кайра пайда болбосун десеңиз, ыңгайлуу бут кийим тандаганга аракет кылыңыз, керек болсо – оңдоп-түздөөчү батеги менен, ал эми шиш таканы өзгөчө учурга катып коюңуз.

№ 10-көйгөй: Тамандагы сөөлдөр

Чорго окшогон бул нерселер,бут кийимди алмаштырган күндө да кайра-кайра чыга берет. Сөөлдү чордон айырмалоо үчүн жөнөкөй тест кылып көрүңүз: сөөлгө тийгенде сезесиз, чордон сезбейсиз. Сөөлдү папилома вирусу пайда кылат, жана андан арылуунун жалгыз жолу – хирургиялык жол менен тазалоо жана дерматолог дайындаган, грибок менен вируска каршы дарылоо.

Facebook барагыбызга жазылыңыз