Күйөөңүздү, сизди кайра сүйүп калууга мажбурлоонун 11 ыкмасы

Эгер сиздин мамиледе сезимдерге орун калбай, тиричилик менен эле күн өтүп калса, мамилеге романтиканы кайтарып келүү колдон келгис иш болуп көрүнөт. Бирок, мамилени сактоонун 11 ыкмасы бар экен. Демек, кырдаалды өзгөртүп, «жаман чалыңыз» сизди кайра сүйүүсү үчүн эмне кылыш керек:

 

 

1. Ага асыла бергенди токтотуңуз.

Балким аны кылып атканыңызды байкабайсыз деле, бирок кичине ойлонуп, күйөөңүзгө кылган мамилени өзгөртүп көрүңүз. Балким, ал эч нерсе кылбайт деп кейип жатасыз. Мисалы, бардык үй жумушту сизге калтырып койгон. Бирок, ал тууралуу сөз болгондо, сиз туура сүйлөп жатасызбы?

Эгер сөздүн баары, анын достору менен убакытын көп өткөрүшү тууралуу, сизге такыр көңүл бөлбөй калганы тууралуу, формасын жогото баштаганы тууралуу боло берсе, андан качып, аралык сактай баштаганына таң калбай деле коюңуз.

 

2. Күчтүү болуңуз.

Кандай болсо да, өзүңүзгө жооп бере алгандай болуңуз жана сизди кабатыр кылган көйгөйдү айтыңыз. Бирок, ойлонуп айтыңыз, анын да оюн угуңуз, кырдаалды, анын көз карашында карап көрүңүз жана компромисске келгенге даяр болуңуз.

Эгер, аны менен макул болбогон күндө, истерика кылып баштасаңыз, ал сиз менен контакт издөөдөн чарчайт, жана кетип калат. Көз жашты көлкүлдөтүү – бул да туура чечим эмес. Күчтүү, көз карандысыз айымдар – мырзалардын тандоосу, муну эстей жүрүңүз жана бут чечкен килем болбоңуз, бирок аша чаппаңыз.

3. Эне эле болбой, андан да маанилүү болуңуз.

Бал-чакалуу болсоңуз, мамиле экинчи планга өтүп кетээри түшүнүктүү. Эгер бул узакка созулуп кетсе, эркек өзүн унутулуп калгандай сезет, анан, албетте досторуна чуркап баштайт. Биринчи планда балдар да, мамиле да чогуу болуш керек.

Күйөөңүзгө убакыт бөлүп жатканыңызды байкап көрүңүз. Экөөңөр убакытты бирге өткөргүлө, бөлмөңөрдү бекитип алгыла, жолугушууга баргыла. Бул мамиледе романтиканы сактайт.

 

4. Аны угуңуз.

Эгер силердин никеге анын нааразычылыгы болсо, же сиздин бир нерсеңиз жакпаганын айтса, аны көз жаздымга калтырбаңыз. Өз көйгөйлөрдү маанилүү деп, аныкына көз жумуп койгон оңой. Сиз менен көйгөйлөрүн талкуулагысы келгенде, аны сөзсүз угуңуз. Ал, өзгөрткөнгө жеңил болгон жөнөкөй нерселер болушу мүмкүн.

5. Көз карандысыз жана бактылуу болуңуз.

Эгер күйөөңүз сүйбөй калгандай түр көрсөтүп баштаса, балким өзүңүзгө көңүл бурууга убакыт келди. Бактылуусузбу? Өзүңүздү сүйөсүзбү? Өзүңө негативдүү мамиле кылсаң, башканы сүйдүрүү оор. Сизди эмне бактылуу кылып жатканын билиңиз, жакпаган нерселерди таштаңыз, көрөсүз, мамиле оңоло баштайт.

 

6. Аны барктаңыз.

Узак убакытка бирге болгондо, бири-бирин баалоону унутуп коюу жеңил эле. Күйөөңүздү кантип кайра сүйдүрөм десеңиз, сизге кам көрүү максатында кылган майда нерселерине көңүл буруңуз, жана ыраазычылык билдириңиз. Эртең менен кофе даярдап берсе, же балдар менен эшикке сейилге чыкса, ага көрсөткөн ыраазычылыгыңыз, ага, өзүн өзгөчө жана сүйүктүү сезишине өбөлгө түзөт.

7. Кыялкеч болуңуз

Мамиледе романтика калбай калды деп ыйлактай берсеңиз болот, бирок, аны жандандырыш үчүн сиз эмне аракет кылдыңыз? Булуттар тарашын күтпөңүз – ага кандай кам көрөөрүңүздү көргөзүңүз, жолугушуу уюштуруңуз же өзгөчө бир нерсе кылып бериңиз.

8. Төшөктө аракет кылыңыз

Секс – саламат жана бекем мамиленин негизги көрсөткүчү. Көпчүлү жубайлар, узак убакыт бирге жашаганда, интимдик жашоо муздап кеткенин байкашат. Ал өтө азайып кетсе, аны унутуп коюу оңой эле.

Төшөккө отту жагыңыз. Жалкоолонбоңуз жана аракеттениңиз. Физикалык жакындык эмоционалдык жакындык менен тыгыз байланышта.

9. Кызыктуу окуяларга кабылыңыз

Өнөгүңүз менен кызыктуу окуяга кабылыңыз. Саякаттоо жана укмуштуу окуялар, жаңы жолугуп баштаган, санаасыз убактагы сезимдерди эске салат.

10. Жароокер болуңуз

Кучакташыңыз, өбүшүңүз, кол кармашып көчөдө басыңыз. Физикалык жакындык – секс менен эле чектелбейт. Назиктик – мамиледе учкун тутанышына жардам берет.

11. Аны кечириңиз

Күйөөңүзгө келген ачууңузду жана түшүнбөстүк сезимдерди өзүңүздө терең сактап жүргөн болсоңуз, жаңы жана бактылуу жашоо баштагыңыз келсе, сиз аны кечиришиңиз керек.

Facebook барагыбызга жазылыңыз