Жамбашты идеалдуу кылуунун илимий жолу - видео

Equinox эксперттери окумуштуулардын эмгектерин изилдешип, сегиз көнүгүүдөн турган супермашыгууну иштеп чыгышты жана көчүгүнүн формасын идеалдуу кылгысы келип, кыялдангандар үчүн өзгөчө кооз видео тартышты.

 

 

Equinoxтун башкы менеджери Лиза Уилердин (Lisa Wheeler) сөзүндө, машыгуу биомеханиканын принциптерине негизделген. Өзөгү болуп Түндүк Каролина Университетинин жана Висконсис Университетинин изилдөөлөрү саналат.

Бардыгына белгилүү көнүгүүлөрдү топтоштуруп, татаалдатып жана интенсивдүү кылуу чечими кабыл алынган. Жыйынтыгында, жамбаштын булчуңдарын эффективдүү машыктырган машыгуу пайда болду. Демек, сизди экиден 4 (пара) көнүгүү күтүп турат:

1. Мостикке туруп бутту тизенин астына бүгүү + капталга сокку.

2. Капталга качыруу + тумбага чыгуу.

3. Капталдап бутту көтөрүү менен планка + гиря менен каптал свинги

4. Бир буттап отуруп-туруу (ар бир бутка 10-12 жолу) + гиря менен селкинчек

 
 

Ар бир көнүгүү 10-12 жолу жасалат. Окшош (пара) көнүгүүлөрдүн ортосундагы эс алуу – 30 секунд, амалдардын (подход) ортосундагы эс алуу – 45 секунд.

Идеалдуу машыгуу 3 амалдан турат.

Facebook барагыбызга жазылыңыз