Эмнеге дайым жеткиликсиз мырзаларды сүйүп калаарыңдын 9 себеби

Балким сенин сүйүүң жоопсуз, балким анын үй-бүлөсү бар, же балким ал сени менен чындап болгусу келбейт. Кандай болгон күндө да, сенин жүрөгүң жараланып калуу коркунучу алдында турат, бирок сен эч нерсе кыла албайсың жана дайым, сага чыныгы мамиле тартуулай албагандарды сүйүп каласың. Эмнеге?

 

 

1. Мындай эркек менен өзүңдү өзгөчө сезесиң.

Эгер үй-бүлөлүү адам менен жолугуп жүрсөң, анын аялынын алдында өзүңдүн артыкчылыгыңды сезесиң, себеби ал аялына эмес, сага көңүл бурууда. Бирок бул алдамчы сезим, кантип эле сен үчүн аялын таштап кетсин.

2. Сага курч сезимдер жагат.

Табу коюлган жашырын мамиледен курч эмне болуш керек? Сенин ойлоруң тумандаган, сен кырдаалга туура баа бере албайсың, бирок бул эйфория сага жагат. Бирок бардыгы контролдон оңой эле чыгып кетиши мүмкүн.

 

3. Сага чакырык таштаган жагат.

Сага, эмне сенде жок болсо, ошого жеткен жагат. Булким, сенин жашооңдо жетпей жаткан бир нерселер менен жан дүйнөңдөгү боштукту толтургуң келет, балким көйгөйлөрдөн качып, көңүлүңдү башка нерсеге буруп жатасың. Сен жүрөгү бош эмес жигитти азгыра алган күндө, өзүңдү баалооң жогорулайт. Токтоп калбай андан ары кеткиң келет жана башкы призди – жигиттин өзүн жеңип ала алаарыңды далилдегиң келет.

4. Сен олуттуу мамиледен коркосуң.

Балким, сен эски мамиледен кутула албай жатасың. Жакшы адамды жолуктура алаарыңа ишенбейсиң, ал да сени таштап кетет деп коркосуң. Ошондуктан, башынан эле, келечеги жок мамилени тандайсың, оюңда, үй-бүлөлүү менен жолуксам, жүрөгүм жараланбайт, анткени, эртедир-кечтир ал мени таштап кетээрин билем дейсиң. Бирок был чындык эмес.

 

5. Сен жалгызсың.

Сага кандай гана эркек болбосун, көңүл бурганы жагат, ал жеткиликсиз болгон күндө да. Үмүтүңдү үзбө.

6. Мындай эркек менен жашоо жеңил.

Алар көңүл ачкылары келишет, сен болсо – башыңды оорутпай, аягы эч нерсеге алып келбеген жолугушууларга барбай эле, жеңил мамиледе болуу жакшы деп ойлойсуң, бул жерде болсо, кандай болгон күндө да мамиле бар. Бул сага жеңил жана ыңгайлуу көрүнөт, бирок жаман адатка айланып кетет.

 

7. Өзүң эмоциялык жактан жабыксың.

Балким, ал башка менен мамиледе экенине башың да оорубайт, себеби сага секс эле керек. Сен ачылып жана эмоциялык жактан байланып калуудан коркосуң, бирок, эгер бактылуу болгуң келсе, ага барууга туура келет.

8. Сен өз мамилелериңде бактысызсың жана бейопалыктан эч кандай жаман нерсе көрбөйсүң.

Сенин оюңда, бул жөн эле көңул ачуунун мүмкүнчүлүгү. Ойноштор, туура эмес бир нерсе болот деп ойлобойт, эмне туура эмес болушу мүмкүн деп ойлойсуң. Бирок ойноштор менен дайым бир нерсе туура эмес болуп турат...

9. Сен бир аз мазохистсиң

Жоопсуз сүйүү. Үнүңдү чыгарбай капаланасың, дайым, “эгер мындай болсочу” деп ойлоносуң, кандай драма сага жагаарын фантазия кыласың.

Facebook барагыбызга жазылыңыз