Эгер жолуңуз болбой жатса, анда Ааламдын 7 мыйзамынын жок дегенде бирин бузуп жатасыз

Мындай кылганды токтотуш керек.

 

 

Ааламдын негизги 7 закону бар, дейт Andrei Laslau.

Сиз аны билбей калсаңыз эле, жоопкерчиликтен бошотулам деген туура эмес.

Эгер аларды билсеңиз, алар ката кетирбегенге жардам берип, жашоо балансын туура кармаганга жана бактылуу болгонго шарт түзөт.

Өзүңүздү текшерип көрүңүз:

 

1. Жакырчылык мыйзамы

Жаңы бут кийим керек болсо, эскисин ыргытыңыз. Жаңы кийим керек болсо, шкафты бошотуңуз.

Стереотиптерден өз алдынча арылышыңыз керек. Бардык жаңы нерсе, эскиден арылганда гана келет.

2. Айланып туруу мыйзамы

Керектүү бир нерсеге жетүү үчүн, сизге тиешелүү нерседен арылууга даяр болуңуз.

3. Кыялдануу мыйзамы

Башкысы, кыялыңызга эркиндик бериңиз. Өзүңүздүн эң мыкты күнүңүздү сүрөттөңүз жана аны эч кимге айтпаңыз – эч кимге, өтө катуу ишенген адамыңыздан башка эч кимге.

Сүрөттөмөңүздү бекем жерге сактап коюңүз жана бош убакта окуп туруңуз.

 

4. Талант мыйзамы

Адам жеке өсүүгө өзүнүн ойлонуусу, интуициясы жана кыялы менен гана жетет

5. Тартуулоо мыйзамы

Эгер бир нерсе берсеңиз, ордуна 10 эсе көп аласыз. Бирөөнүн батасын алсаңыз, башка менен бөлүшкөндү да унутпаңыз.

Кандайдын бир өзгөчө сапаттарыңыз болуп, аны колдонбосоңуз, анда чоң ката кетирип жатасыз. Эгер аны толук пайдаланып жана башкалар менен бөлүшүп турсаңыз, ошондо анын акысы сөзсүз кайтат.

6. “Салык” мыйзамы

Аалам өзүнө эмне тиешелүү болсо, ошону алат. Бул мыйзам. Сиз эч качан, тартылып алынган нерсе артка качан кайтаарын билбейсиз.

Акча – бул жөн эле адат. Сиз берген нерселер жаңы достук же сакаюу аркылуу келиши мүмкүн.

 

7. Кечирим мыйзамы

Айланадагыларды кечире албасаңыз, эч качан бактылуу болбойсуз. Сиздин жан дүйнөңүз көрө албастыкка толгон, ал жерде сүйүү үчүн орун жокко эсе.

Жан дүйнөңүзгө тынчтык бербеген жана сизди ичиңизден жеп жаткан негативдик сезимдерден арылышыңыз керек.

Сиз бул мыйзамдарды карманасызбы?

Facebook барагыбызга жазылыңыз