Бул кыз кош бойлуу экенин төрөтү келген күнү билиптир – фото

Улуу Британиянын 21 жашар тургуну Шарлотта Томсон боюнда бар экенин толгоосу башталганча билбептир – себеби, буга чейин кош бойлуулуктун бир дагы симптомдору болбоптур.

 

 

Кыздын айызы убагы менен келип, фигурасы да көп өзгөрбөптүр, ошондуктан, эч нерседен шек санаган эмес. Шарлотта ооруканага, кан кетип жана ичи катуу ооруганынан барганда, төрөтү башталганын айтышкан.

 

Эки саттан кийин анын кызы – Молли төрөлдү.

“Менин курсагым такыр чыккан жак, айызым кадимкидей эле келип турду, ошондуктан буо мен үчүн шок болду. Мен төрөгөнгө чейин кош бойлуу экениме ишенген жокмун. Биринчи жолу күтүүсүздөн эне болуп калуудан коркот экенсиң”

 

Кээ бир аялдарда, кош бойлуу кезинде вагиналдык кансыроо болот, аны баары этек кир менен алмаштырып алышат. Бул жатындын моюнчасындагы өзгөрүүлөргө, вагиналдык инфекцияларга жана эмбриондун биринчи имплантациясына байланыштуу.

 

Шарлоттанын сөзүндө, ал мурунку жигитинен боюна бүткөн, болгону 1,5 кгга толгон жана адаттагыдан көбүрөөк чарчап жүргөн. Дарыгерлер, түйүлдүк кабыргалар арасындагы мейкиндикте жайгашканы үчүн, курсак байкалган эмес деп белгилешти.

Facebook барагыбызга жазылыңыз