Башкалардан 3 эсе чоң жумуртканы чагып көргөн фермер, ички дүйнөсүн көрүп такыр оозун ачты

Кичинекей сюрприздер – баарына эле жагат, өзгөчө, аны такыр күтпөсөң. Эгер ал, чоң кишинин муштуму менен тең, тооктун килейген жумурткасы болсочу. Так ошондой жумуртканы австралиялык фермер өз фермасынан тапты. Stockman’s Eggs фермасынын ээси, Скотт Штокмандын сөзүндө, жумуртканын салмагы 176 грамм чыккан, башкача айтканда стандарт жумурткалардан 3 эсе чоң болгон. Таң калуу мунун менен эле токтоп калган жок, гигантты чакканда, анын ичинен дагы бир жумуртка чыкты.

 

 

«Бул таң калыштуу, анткени, ичинде жумуртка бар жумуртканы күндө эле көрө бербейсиң», – деп кырдаал менен Скотт оюн бөлүштү
 
«Мен анын ичинен 4 сары чыгабы дедим эле, дагы бир жумуртка чыгат деген оюма да келбептир»
Фермада, буга чейин 140 грамм салмактагы жумуртка чыккан, бирок анын көлөмү бул гиганттай чоң эмес болчу
 
Фермада 3000 тоок бар, ошондуктан был “баатыр” тоокту табыш мүмкүн эмес

«Акыр аягы, бул жерде тооктордун баарына бирдей жакшы кам көрүлөт жана тамактанганы жакшы», — деп, Скотт Штокман сөзүн жыйынтыктады.

Facebook барагыбызга жазылыңыз