Айымды мырзасы үчүн кызыксыз кылып койгон 4 сапаты

Кындай гана укмуштуу сулуу болбогун, эгер жагымсыз инсандык сапаттарың бар болсо, анда сулуулугуң бир тыйын да турбайт. Кандай учурлар мырзаларды айымдардан оолактатат, айтып беребиз.

 

 

1. Сен ушакташканды жакшы көрөсүң

Эч качан мырзаңа досторуңдун же туугандарыңдын жашоосундагы терс жактарын айтпа, балким сен мындай түрдө баарлашуунун темасын сунуштап жатасың. Ишенип кой, бул аны сенден оолактаттырат жана сенде бар баалуулуктардын айырмасы тууралуу ойлонууга мажбурлайт.

 
2. Сени менен сүйлөшүүгө тема жок

Кептин баары, сенин илимий даражаңдын жана мырзаңа айтаар сөзүңдүн жоктугунда эмес. Ар бир айым баарлашууда, сөздү улантып жана маалыматты арттыруучу бир нерсе айтып туруш керек – силердин жолугушуулар эриктирме болбошу зарыл.

3. Сенин өз оюң жок

Эч бир эркекке, ар бир айткан сунушуна макул боло берген, каршы чыга албаган жана өз оюн айтпаган, өзүнүн клону менен жашаган жакпайт. Балким өзүңдүн “Мениңди” көргөзбөйсүң, анткени, ал сени кандай болсоң ошондой кабыл албай коёт деп коркосуң. Андай болсо, мындай эркектин сага эмне кереги бар?

 
4. Сен керт башыңды эле ойлойсуң

Жакшы жашоону каалоо нормалдуу нерсе, бирок аны маниакалдуу идеяга айлантып жибербе. Материалдык баалуулуктардан сырткары сезимдер да бар, аларды эч качан унутпаш керек.

Facebook барагыбызга жазылыңыз