Айымдардын сырларын ачабыз! Эриниңиздин формасы эмне айтат

Сөзсүз окуңуз!

 

 

Айымдардын мүнөзү алмашып турат – алдын ала айтып жана аны түшүнүш кыйын дешет, бирок ал андай эмес. Алдыңызда турган айымдын ким экенин билиш үчүн анын эриндерин караңыз. Айымдардын эриндери ал тууралуу көп нерсени айтат, биздин редакция ал жөнүндө бөлүшөт.

Биз, эриндерди карап мүнөздү тактоочу тест даярдадык. Башкысы, биринчи өзүңүздөн текшерип көрүңүз. Сүрөттү карап, кайсы эриндер сизидикине окшош экенин тандаңыз. Эми, өзүңүз жөнүндө окуп алыңыз!

 
1. Авантюрист

Сиз жароокер жана азгыргыч айымсыз. Ал эле эмес, укмуштуу окуяларга көп кабылган жансыз, бул сиздин маңызыңыз. Көбүнчө ойлонбой кыласыз, бирок, эгер керек болсо, оор басырыктуу болуп коёсуз.

2. Түзөлтүлгүс оптимист

Сиз оптимист эле эмес, анын абсолюттук көрсөткүчүсүз. Жашоону жакшылыктын көзү менен гана карайсыз жана андан жакшы нерсени гана издейсиз. Кээде, мындай көз караштар жакшы эмес сюрприздерди алып келет, бирок сиз ага көп кайгыра бербейсиз. Аны бат эле унутуп, кайра баары ордуна келет. Бул жолдон бурулбаңыз!

 
3. Мыкты курдаш

Сиз өтө өзүнө тарткыч жана жагымдуу айымсыз. Сиздин алдыңызда адамдар, сыйкырыңызга чыдабайт жана дайым сиз менен баарлашууга умтулуп турушат. Ошондуктан сиздин досторуңуз көп болсо керек. Өзүңүз деле баарлашууну жакшы көрөсүз жана жаңы таанышууда эч качан баш тарпайсыз. Борок, айланаңыздагы адамдарга көп энергияңызды сарптап саласыз. Ошондуктан, өзүңүзгө да бир аз калтырганды унутпаңыз.

4. Дымактуу карьерист

Сиз эң катуу жана эрктүү мүнөздүн ээсисиз. Анан дагы, чектен чыккан дымактуу, улам жаңы бийиктикти багындырганга жан урган адамсыз. Сизге бардык жакшы нерсенин баары керек. Умтулуу жакшы нерсе, бирок бардык нерсенин өз баасы бар. Максатка жетүү үчүн баштарды тебелеп, аттап өтүп кереги жок.

 
5. Интеллектуал

Сиз, айтып түшүндүргүс акылыңыз жана логикалык ойлонууңуз менен айырмаланасыз. Сиздин акылыңыз ийкемдүү, ылдам жана прагматикалык. Сиздин куржунда, ишке ашырууга мүмкүн деген миллион жана бир идея бар. Сизден башка мыкты дос издеп мүмкүн болбосо керек. Сиздин ойлоруңуз дайым таза, ал эми ниетиңиз ак.

6. Сүйүү издөөчү

Сүйүү – сиздин жашоонун маңызы, сиздин ички дүйнөңүз жана маңдайга жазганы. Сиздин жүрөгүңүздө бул сезимге дайым орун бар, жана аны бөлүшүп турууңуз зарыл. Сиз бирөөнү сүйүшүңүз жана ордуна көп сүйүү алышыңыз керек. Ниеттериңиз ак жана таза. Болгону, жалгыз калуудан, качандыр бир кезде катуу жаралайт деп, абдан коркосуз.

7. Эгоист

Өзүңүз үчүн гана жашайсыз, бирок, бул сизди жаман адам дегендикке жатпайт. Башкаларды сүйгөндү жана кам көргөндү билесиз, болгону өздүк комфорт сиз үчүн маанилүү. Сиз майда сүйкүмдүү нерселерди жакшы көрөсүз, алар сиздин жашоону туура жана гармониялуу кылат. Сиздин бай ички дүйнөңуз бар, ошондуктан, анын гармониялуу болушу маанилүү.

8. Идеалдуу жубай

Сиз өзүн аябаган айымсыз. Сиз үчүн башкысы – сиздин үй-бүлөңүз. Баарын жана бардык нерсени камкордукка аласыз, башкалар үчүн жашайсыз жана өзүңүздү курмандыкка чалганга даярсыз, башкаларга жакшы болсо болду. Жакындарыңызга жакшылык менен сүйүнүч тартуулоо менен өзүңүзду бактылуу сезесиз.

9. Жылдыз

Көңүл чордонунда болууну жактырасыз. Эгер бир жерге барсаңыз, баарынан өзгөчөлөнүп турушуңуз керек. Өзүңүзгө дайым кам көрөсүз, жаңы кийим-кечекти сүйөсүз, ачык макияж жана сулуу чач жасалга – сиздин тандооңуз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз