Айнура буйрутма менен кагаздан гүл жасап, кошумча киреше табууда (11 сүрөт)

Заречный айылынын тургуну Айнура Маматова гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап сатат.

 

 

«Кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен алектенгениме аз эле убакыт болду. Кагаздан гүлдөрдү жасоону көрүп эле жүргөм. Үйдө үч баламды карап отуруп, кызыгып жасап көрүүнү чечтим. Биринчи жасаганда эле абдан жакты. Ошол убактан бери гофрокагаздардан гүлдөрдү жасап жатам.

Буга чейин фетрдан ар кандай жасалгаларды да жасап келгем.  Окуучулук мезгилде сайма сайып, түймө түйчүмүн. Негизи кол өнөрчүлүккө кызыгам».

 

«Идеялар көп. Айлананы карап эле шыктанам. Кечээ фетрден, кийизден жасасам, бүгүн кагаз. Эртең такыр башка материалга өтүшүм мүмкүн. Мага эч ким деле үйрөткөн эмес. Тескерисинче үйрөт деп кайрылгандар көп. Эң негизгиси гүлдү жасалгалоого жабыштыргыч, жип, таякча, куту жана кайчы керектелет. Кээде даяр куту менен жасайм, бирок, көбүнчө кутуну да өзүм жасайм. Атайын ылайыктуу формаларды кесип, андан кийин өзүмдүн фантазияма жараша кооздоп баштайм. Баары бүткөндөн кийин аны пенопласттын үстүнө жайгаштырам. Көп убакыт талап кылбаганы менен абдан кылдат болуу керек»,

- дейт Айнура.

 

Айнура гүлдөрдү 300 сомдон жогору баалайт.

«Гүлдөрдү кардарлардын каалоосуна жараша жасап берем. Көбүнчө, айыл жери болгондуктан, гүлдөрдүн арзан түрүн жасаганга буйрутма беришет. Жакында чоң гүлдестелерге  өтсөмбү деп жатам»,

- деди Айнура айым.

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз